Бишкекте экинчи жаңы скважинаны бурголоо аяктады
![Бишкекте экинчи жаңы скважинаны бурголоо аяктады](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/05/voda34-850x560.jpg)
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк иш планына ылайык, шаардын жашыл аянттарын андан ары сугаруу үчүн Ахунбаева жана Көк-Жаңгак көчөлөрүнүн кесилишиндеги экинчи жаңы скважинаны бургулоо иштери аяктады.
Бул скважинанын тереңдиги 190 метр, кубаттуулугу секундасына 65 метр куб сууну, секундасына 17 литрди түзөт.
Профсоюз – Нарвск, Л.Толстой – Логвиненко, Жайыл-Баатыр – Чортеков, Ахунбаев – Көк-Жаңгак, Ауэзов – Анкара, Театр аянты даректеринде 6 жаңы скважинаны бургулоо пландалууда.
Эскерте кетсек, буга чейин Профсоюз жана Нарвс көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы скважина казылган.