Бишкекте дагы бир бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды

 Бишкекте дагы бир бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды

Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун трансплантология бөлүмүндө бөйрөк алмаштыруу боюнча дагы бир операция ийгиликтүү аткарылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, реципиент — 33 жаштагы О. Р., ал 1 жыл 9 ай бою өнөкөт бөйрөк оорусунун акыркы стадиясына байланыштуу гемодиализ алып келген. Донор — анын өз агасы 44 жаштагы Т. Н.⠀

Операция ийгиликтүү өтүп, бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, донордун да, реципиенттин да абалы канааттандырарлык, ал эми көчүрүлгөн бөйрөктүн функциясы калыбына келген.

Жалпысынан 2018-жылдан бери аталган борбордо 76 бөйрөк трансплантациясы жүргүзүлүп, алардын ичинен 2024-жылдан тарта 35 операция бюджеттик негизде акысыз жасалды.

Саламаттык сактоо министрлиги үчүн трансплантология программасын өнүктүрүү — артыкчылыктуу багыттардын бири.

Мамлекеттик колдоонун жана дарыгерлердин кесипкөйлүгүнүн аркасында, учурда Кыргызстанда жогорку технологиялуу операциялар ийгиликтүү жүргүзүлүп, жарандар чет өлкөгө чыгууга муктаж болбостон, өз мекенинде эле өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк алууда.

Связанный пост