Бишкекте быйыл 1-класска дээрлик 15 миң квота берилген

Быйыл Бишкек шаары боюнча 1-класстын окуучулары үчүн 14 миң 890 квота каралган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гулира Молдоисаева брифингде билдирди.
Анын айтымында, борбордогу мамлекеттик билим берүү мекемелеринде 1-класстын окуучулары үчүн 14 миң 890 квота, 2-класстын окуучулары үчүн катталган жери боюнча 16 миң 490 орун берилген.
“Алдын ала маалыматтар боюнча катталган жери боюнча 1-класска 9 миң 095 бала, 2-класска 10 миң 887 бала барат. Бул сандар көбөйүшү мүмкүн”,- деди ал.