Бишкекте бир жуманын ичинде инспекция тарабынан 48 көрктөндүрүү эрежеси бузулган фактылар аныкталып жалпы суммасы 438 миң сомго айып пул салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Бир жуманын ичинде инспекция тарабынан 48 көрктөндүрүү эрежеси бузулган фактылар аныкталып жалпы суммасы 438 миң сомго айып пул салынды.

Тазалык жана тартипти бузгандар   курулуш жана айрым ишканалар:

– «Роял Констракшн» ЖЧКсы 114-берене боюнча;- “Кыргыз каганаттары” ЖЧКсы 115-берененин 2-бөлүгү;
– «Экополис» ЖЧКсы 114-берене боюнча;
– ЖЧК “Озтопарк” 115-берененин 2-бөлүгү;
– “Умай Групп” ЖЧКсы 114-берене боюнча;
– «Бай Таш Групп» ЖЧКсы 114-берене боюнча;
– «Бета Иншаат Ятырымжылык» ЖАК 114-берене боюнча;
– “Эстет Кредит” ОСДО ломбарды 114-берене боюнча;
– «Бишкек шаарындагы гүл өстүрүүчү ышкыбоздор клубу» КЭУ 114-берене боюнча;
– «Кудрет коз» ЖЧКсы 114-берене боюнча;
– “Хоспер” ЖЧКсы 179-статьянын 2-бөлүгү;
– “Восток Строй” ЖЧКсы 179-берененин 2-бөлүгү;
– “Алинур Групп” ЖЧКсы – 114-берене боюнча;
– “Intellect Pro School” ЖЧК – 107-берененин 3-бөлүгү;
-ЖЧК “Кап Строй” – 114-берене боюнча.

Белгиленген фактыларга карабастан, алардын айрымдары күнөөсүн мойнуна алышкан жок. Алардын иши акыркы өкүм чыгаруу үчүн мыйзам бузуулар боюнча административдик комиссияга жөнөтүлөт.

Мыйзам бузуулар аныкталса, экинчи тарап күнөөсүн мойнуна алганына  же албагандыгына карабай, инспекция тарабынан жеринде протоколдорду түзүлөөрүн эскертет.

Связанный пост