Бишкекте Азия парламенттер аралык суу маселелери боюнча консультативдик кеңештин жыйыны өтүүдө
Бишкек шаарында Суу ресурстары боюнча Азия парламенттер аралык консультативдик кеңешинин (AAWC) VIII жыйыны жана Климат жана суу маселелери боюнча II тегерек стол өз ишин баштады.
Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Корея Республикасынын, Непал, Малайзия, Шри-Ланка мамлекеттеринин парламент мүчөлөрү, тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик мекемелердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Суу ресурстары боюнча Азия парламенттер аралык консультативдик кеңешинин президенти Хан Чжон Э сөз сүйлөп, климаттын өзгөрүшү шартында суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу маселелерине өзгөчө басым жасашты.
Муну менен катар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев Кыргызстандын суу потенциалы, өлкөдө суу ресурстарын туруктуу башкарууга багытталган программалардын ишке ашырылышы тууралуу маалымат берди.
Тегерек столдун алкагында катышуучулар суу ресурстарын башкаруу, суу менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо, климаттын өзгөрүшүнө эл аралык жооп кайтарууну күчөтүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана анын кесепеттерин жоюуга көмөктөшкөн саясий жана ченемдик база түзүү маселелерин талкуулап жатышат.