Бишкекте аттестат тапшырууга арналган иш-чараларга даярдык талкууланды

 Бишкекте аттестат тапшырууга арналган иш-чараларга даярдык талкууланды

9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик билим берүү документтерин тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чаранын алдында билим берүү уюмдарынын директорлору менен жолугушуу өттү.

Жыйында күбөлүк тапшырууну уюштуруу, бүтүрүүчүлөрдүн  коомдук тартипти жана коопсуздук чараларын сактоо, ошондой эле иш-чарага акча чогултууга тыюу салуу маселелери талкууланды.

Жалпы орто билим жөнүндө аттестаттарды тапшыруу салтанаттуу иш-чаралары 2023-жылдын 21-июнунда саат 9:00дө 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн, 2023-жылдын 23-июнунда саат 9:00дө 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, КР Билим берүү министрлигинин буйругу менен мектеп аянтчасында, оюн-зоок жайларында жана башка коомдук жайларда кечки жана түнкүсүн бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынган.

Иш-чаранын жүрүшүндө райондук билим берүү борборлорунун жооптуу кызматкерлери укук коргоо органдарынын кызматкерлерин тартуу менен нөөмөттө болушат.

Белгилей кетсек, жалпы билим берүү уюмунун аймагында мектеп окуучуларынын коопсуздук чараларын көрбөгөн жана укук бузуулардын алдын албаган, ошондой эле акча каражаттарын чогултууга жол берген мектеп жетекчилерине, класс жетекчилерге жана мугалимдерге тартиптик жаза чаралары көрүлүп, ээлеген кызматынан бошотулат.

Эске салсак, 2022-2023-окуу жылында борбор калаанын мектептеринде 188 958 окуучу окуу жылын аяктаса, анын 15 688и 9-классты, 8111и 11-классты аяктаган.

Белгилей кетсек, республика боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик “Алтын тамга” аттестациясынан 167 окуучу өтүп, анын ичинен Бишкек шаары боюнча 76 окуучу артыкчылык аттестат алуу укугун тастыкташкан (анын ичинен 55и муниципалдык окуу жайлардын, 21и жеке менчик мектептердин окуучулары).

Республика боюнча өзгөчө үлгүдөгү «Алтын тамга» аттестаттарынын ээлеринин 33%ын борбордогу мектептердин окуучулары түзөт.

Связанный пост