Бишкекте абага зыяндуу заттарды чыгаруунун уруксат берилген нормасынан ашкан автоунааларды аныктоо боюнча рейд өттү

 Бишкекте абага зыяндуу заттарды чыгаруунун уруксат берилген нормасынан ашкан автоунааларды аныктоо боюнча рейд өттү

 

Бишкекте абага зыяндуу заттарды чыгаруунун уруксат берилген нормасынан ашкан унааларды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө.

Рейд борбор калаанын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, Бишкек шаарынын жана Аламүдүн районунун регионалдык башкармалыгынын боюнча өкүлдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Рейддин жүрүшүндө 12 мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Транспорт каражаттарынын ээлерине карата Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексине ылайык, 45 миң сомго айып пул салынды.

Связанный пост