30-декабрдан 1-январга чейин Бишкектин борбордук көчөлөрүндө чектөө киргизилип, унаа токтотууга тыюу салынат
Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жаңы жылды майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө буйругуна ылайык, 2023-жылдын 30-декабрынан 2024-жылдын 1-январына чейин (кошкондо) айрым жерлерде жол кыймылы, ошондой эле унаа токтотуу эрежелери чектелет.
Ошентип, Чүй проспектиси (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин) 2023-жылдын 30-декабрында саат 14:00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07:00гө чейин жабылат.
Киев көчөсү (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин) 2023-жылдын 31-декабрында саат 14:00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07:00гө чейин жеке транспорт үчүн жабылат. Кирүү коомдук транспорт үчүн гана болот.
2023-жылдын 30-декабрында саат 14.00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07.00гө чейинки аралыкта Панфилов көчөсү (Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин) эки тараптуу жол кыймылы үчүн жеткиликтүү болот.
2023-жылдын 30-декабрында саат 14.00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07.00гө чейин Эркиндик бульвары (Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин) эки тарапка унаа токтотууга тыюу салынат.
Ошондой эле, 2024-Жаңы жылды майрамдоо учурунда шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болушу үчүн атайын унаа токтотуучу жайлар белгиленген:
– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратынын түндүк жана батыш тарабы.
– Раззаков, Орозбеков, Панфилов көчөлөрү башка айдоочуларга тоскоолдук жаратпастан, Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.
Жаңы жылдык иш-чаралардан кийин 2024-жылдын 1-январынан тарта саат 00:30дан баштап борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн автобус каттамдары Ала-Тоо аянтынан төмөнкү каттамдар боюнча каттайт:
2024-жылдын 1-январы саат 00:30дан баштап:
– «Ала-Тоо» аянты – «Рухий Мурас» конушу;
– «Ала-Тоо» аянты – «Көк-Жар» конушу;
– “Ала-Тоо” аянты – 12 кичи район;
– “Ала-Тоо” аянты – Чоң-Арык;
– «Ала-Тоо» аянты – «Совмин» шаарчасы;
– «Ала-Тоо» аянты – «Арча Бешик» конушу;
– “Ала-Тоо” аянты – “Ак-Ордо” конушу;
– “Ала-Тоо” аянты – “Ала-Тоо” конушу;
– “Ала-Тоо” аянты – “Ак-босого” конушу;
– «Ала-Тоо» аянты – «Бакай-Ата» конушу;
– «Ала-Тоо» аянты – «Энесай» конушу;
– “Ала-Тоо” аянты – Аламүдүн-1 кичи району.
2024-жылдын 1-январы саат 01:30дан баштап:
– «Ала-Тоо» аянты – «Рухий Мурас» конушу;
– «Ала-Тоо» аянты – «Көк-Жар» конушу;
– “Ала-Тоо” аянты – 12 кичи район;
– “Ала-Тоо” аянты – Чоң-Арык;
– «Ала-Тоо» аянты – «Совмин» шаарчасы;
– «Ала-Тоо» аянты – «Арча Бешик» конушу;
– “Ала-Тоо” аянты – “Ак-Ордо” конушу;
– “Ала-Тоо” аянты – “Ала-Тоо” конушу;
– “Ала-Тоо” аянты – “Ак-босого” конушу;
– «Ала-Тоо» аянты – «Бакай-Ата» конушу;
– «Ала-Тоо» аянты – «Энесай» конушу;
– “Ала-Тоо” аянты – Аламүдүн-1 кичи району.
Кошумчалай кетсек, учурдагы троллейбустук каттамдар 2024-жылдын 1-январында саат 00:30дан 01:30га чейин Киев көчөсү менен жүрөт.