Бишкекте 2,5 миң окуучунун катышуусу менен «Урааным Манас» кароо-сынагы өттү

 Бишкекте 2,5 миң окуучунун катышуусу менен «Урааным Манас» кароо-сынагы өттү

«Урааным Манас» жана «Жаш талант -2023» республикалык кароо-сынагына Ленин районунун жалпы билим берүү уюмдарынан 2500 окуучу катышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы маалымдады.

Иш-чарага акимчиликтин башчысынын орун басары Айзада Джунусова, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин башчысы Айнура Арстамбекова, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков катышты.

Иш-чаранын максаты – улуттук баалуулуктарды сактоо, патриоттукка тарбиялоо, “Манас” эпосун жайылтуу жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу.

Иш-чара КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругун аткаруунун алкагында өткөрүлдү.

Связанный пост