Бишкекте өспүрүмгө татаал операция ийгиликтүү жасалды
Бишкекте 15 жаштагы өспүрүмгө сейрек кездешүүчү татаал операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Операция Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жасалды. Анда оор тамыр патологиясы бар 15 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берген, татаал жана сейрек жасалуучу операция — көкүрөк аортасына жана ич көңдөйүндөгү кан тамырларга шунт коюу жана протездөө ийгиликтүү аткарылды.
“Учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда жана ал үйүнө чыгарууга даярдалууда”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өспүрүмгө фибромускулярдык дисплазия деген диагноз коюлган. Бул оору ич көңдөйүндөгү аортаны жана анын маанилүү бутактарын (кыска кан тамыр, ич көңдөйү, бөйрөк артериялары) жабыркатып, олуттуу артериалдык гипертензияга алып келген.
2022-жылдан бери консервативдик дарылоого карабай, 2025-жылдын октябрында баланын абалы кескин оорлошуп, шашылыш операция талап кылынган.