Бишкекке келген саякатчылар үчүн атайын колдонмо ишке кирет
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Бишкек шаарынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө Департаменти жана Кыргызстандын усталар ассоциациясы менен маанилүү меморандумдарга кол койду.
Фонддон билдиришкендей, бул документтердин максаты — өлкө борборунун жана аймактардын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, ошондой эле ички жана иш-чаралык туризм тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөө болуп саналат.
Келишимдерге ылайык, тараптар бир нече негизги багыттар боюнча кызматташышат:
- Санариптештирүү жана инновациялар: «Vizit Bishkek» мобилдик тиркемеси аркылуу маалымат алуу, маршруттарды тандоо жана кызматтарды брондоо мүмкүнчүлүгү.
• Жаштар демилгелери жана стартаптар: туризм багытындагы жаштар долбоорлоруна каржылык, консультациялык жана эксперттик колдоо.
• Окуялык жана спорттук туризм: шаардык фестивалдар, спорттук жана маданий программалар аркылуу туристтерди тартуу.
• Маркетинг жана бренд: Бишкекти туристтик багыт катары илгерилетүү жана борбордун туристтик брендин түзүү.
• Гостиница жана ресторан бизнеси: секторун өнүктүрүү жана сапаттуу туристтик кызматтарды кеңейтүү. 
Бул меморандумдар узак мөөнөттүү өнөктөштүк түзүүгө жана Бишкек шаарында жана өлкө аймактарында ички жана окуялык туризмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет.