Бишкек ЖЭБинде түтүндү тазалоо системасы ишке кирди
Бишкек шаарындагы ЖЭБде атмосферага бөлүнгөн күкүрт диоксидин (SO₂) кыйла азайтууга багытталган заманбап экологиялык жабдуу — күкүрт тазалоо системасы ишке киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти
Маалыматка караганда, модернизацияланган энергия блокторундагы күкүрт тазалоо жабдуусу 2019-жылга чейин Кытайдын TBEA компаниясынын адистеринин көзөмөлүндө иштеп келген.
Кийинчерээк квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигинен жана гипс камтыган шламды сатып алуучулардын жоктугунан улам система токтотулган.
Учурда шламды кайра иштетүү технологиялары өнүгүп, шаардагы экологиялык абалды жакшыртуу чараларынын алкагында бул система кайрадан ишке киргизилди.
Муниципалитеттен белгилешкендей, бүгүнкү күндө жабдуу Бишкек ЖЭБинин адистеринин көзөмөлүндө иштеп жатат.⠀
Бул технологияны колдонуу борбор калаанын экологиялык коопсуздугун жогорулатуу программасын ишке ашыруудагы маанилүү кадамдардын бири экени айтылды. Ал зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга жана энергия өндүрүүнүн туруктуу ыкмаларына өтүүгө багытталган.
Күкүрт тазалоо системасы көмүр жагылган учурда пайда болгон күкүрт кошундуларынын 96,6%га чейинки бөлүгүн кармап калууга мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде айлана-чөйрөгө болгон жүктү азайтып, Бишкек шаарындагы абанын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.