Бишкек ЖЭБи күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштерин улантууда
«Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасы алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн оңдоо иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, адистер жабдууларды капиталдык жана учурдагы оңдоону, казан агрегаттарын, турбиналарды жана көмөкчү жабдууларды профилактикалык тейлөөнү жүргүзүшүүдө.
Белгиленгендей, бүгүнкү күндө 3 отказан агрегаты, кайчылаш байланышы бар 2 турбиналык агрегат иштеп жатат.
Ал эми 7 от казанда жана 3 турбоагрегаттын № 3, 4 блокторунда оңдоо иштери жүрүүдө.
“Иш бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, ишкананын техникалык кызматтарынын туруктуу көзөмөлүндө турат”,-деп айтылат маалыматта.