Бишкек ЖЭБдеги авариядан улам келтирилген чыгымдын алдын ала суммасы 69 млн 630 миң сомду түздү
Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариядан улам келтирилген чыгымдын алдын ала суммасы 69 млн 630 миң сомду түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бишкек ЖЭБинин директору Алпбек Садыров билдирди.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 2-февралында саат 03:00 чамасында ЖЭБде авария орун алып, натыйжасында жабдыктар иштен чыккан.