Бишкек жана Чүйгө мектеп курууга 50 млн долларлык келишим жактырылды
Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Мамлекеттик мектептерди куруу” (2-фаза) долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоорун жактырды.
Парламенттен билдиришкендей, документке 2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына караганда, насыя каражаттары АКШ доллары менен 25 жылдык мөөнөткө бөлүнөт.
“Бул каражат Бишкек шаарында беш жаңы мектептин жана жети мектептин кошумча окуу корпусун, ошондой эле Чүй облусунда эки жаңы мектептин курулушуна жумшалат”, – деп айтылат маалыматта.
Долбоорду ишке ашыруу 2026-жылы башталып, 2029-жылы аяктайт деп пландалууда. Анын ичинен эки жыл объекттерди курууга, ал эми бир жыл кепилдик мөөнөтүнө берилет. Насыянын жалпы суммасы 50 млн долларды түзөт.