Бишкек жана Чүйдө 14 жаңы мектеп курулат
Жогорку Кеңеш өткөн жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Мамлекеттик мектептерди куруу фаза – 2” долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери белгилешкендей, насыялык келишим Бишкек менен Чүй облусунда 14 мектеп курууну камтыйт.
Белгилей кетсек, насыянын көлөмү 50 млн долларды түзүп, 1,5% менен 25 жылдык мөөнөткө берилмекчи.