“Бишкек шаарынын мэринин Кубогу-2022” мелдеши салтанаттуу ачылды

 “Бишкек шаарынын мэринин Кубогу-2022” мелдеши салтанаттуу ачылды
Бишкекте түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин кызматкерлеринин арасында Бишкек шаарынын мэринин Кубогу-2022 мелдешинин салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү.
Иш-чараны борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева ачты.
Мелдештер спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлөт:
1. мини – футбол
2. волейбол
3. стол тенниси
4. шахмат
5. дартс
6. аркан тартыш
7. бильярд
Мелдешке мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн 18ден ашык команда катышууда. Иш чаранын максаты – КР Президентинин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жана спортту мындан ары өнүктүрүү, ага түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлерин тартуу болуп саналат.
Спартакиада 19-ноябрда башталып, 2022-жылдын 11-декабрында аяктайт.

Связанный пост