Бишкек шаарындагы мектептерде жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан 24-майга чейин өтөт

 Бишкек шаарындагы мектептерде жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан 24-майга чейин өтөт

Бишкек шаарындагы мектептерде жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан 24-майга чейин өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жалпы республикалык тестирлөө үч этапта өткөрүлөт: биринчи этап – 18, 19, 20-май; экинчи этап-22, 23, 24-май; үчүнчү (кеч) этап-20, 21, 22-июнь.

Белгилей кетсек, 2024-2025-окуу жылында 11-классты 10 698 бүтүрүүчү аяктайт.

Бүгүнкү күндө ЖРТ өткөрүү үчүн бардык 31 база талаптарга жана эрежелерге ылайык даярдалган. ЖРТ өтүү күндөрү тесттик борборлор уюштурулган мектептерде окутуу онлайн режиминде жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы окуучуларга жалпы республикалык тестирлөөдө мыкты жыйынтыктарга жетишүүнү каалайт.

Связанный пост