Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 3 баңгизат лабораториялары жок кылынды

 Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 3 баңгизат лабораториялары жок кылынды

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 3 баңгизат лабораториялары жок кылынды. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады.

 

«Манас» бажысынын кызматкерлери, КР ИИМ Баңизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери, ошондой эле КР УКМКнын кызматкерлери, Чүй облусунун ИИББнын БМЖКК кызматкерлери менен биргеликте баңги затын чет өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүнүн жана сатуунун туруктуу каналын түзгөн трансулуттук баңги тобу жоюлду.

 

Ошентип, бир сутка ичинде үч кызматтын биргелешкен аракети менен жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында трансулуттук уюшкан кылмыштуу баңги тобу жоюлуп, 11 Кыргыз Республикасынын жараны, 1 Россия Федерациясынын жараны кармалды, алардын алтоо уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөлөрү болуп саналат, алар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Ошентип, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда алар уюштурган үч баңгилаборатория жоюлуп, Кыргызстанга баңгизат жеткирүүчү эл аралык канал жабылды, ошондой эле органикалык баңги заттарды саткан “Gangzilla” интернет-дүкөнүнүн ишмердүүлүгү токтотулган. Бул интернет дүкөндүн негиздөөчүсү жана куратору кармалды. 10 кгдан ашык марихуана («бүчүрлөр»), 75 бөтөлкө гашиш майы, гидропондук ыкма менен өстүрүлгөн 38 гибрид кара куурай бадалдары, баңги лабораториясынын жана интернет-дүкөндүн ишмердигинде колдонулган ар кандай буюмдар жана техникалык жабдуулар алынган.

 

Ошондой эле, алынган баңгизаттын наркы, аларды саткан учурда алдын ала эсептөөлөр боюнча 50 000 000 сомду түзөрүн белгилей кетүү керек.

Связанный пост