Бишкекте нан тартыштыгы жок, баалар туруктуу
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2023-жылдын 23-25 сентябрына чейин республика боюнча нандын бааларына мониторинг жүргүздү. Нан – социалдык маанидеги товарлардын тизмесине негизги азык катары кирет.
Мониторинг учурунда бөлкө нандын түрлөрүнө болгон баалар мурдагыдай эле туруктуу, ал эми тандыр нандарынын баалары бираз жогорулаганы маалым болду.
Мындан улам Кызматтын төрагасы Г.К. Асылбаева «Мол нан» нан бирикмесинин төрагасы Максат Момоев жана Кыргызстандагы Ун комбинаттары ассоциациясынын жетекчиси Рустам Джунушев менен кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде нан бааларын негизсиз жогорулатпоо, Бишкек шаарындагы нан чыгаруучу ишканалар менен биргеликте нан бааларын турукташтыруу боюнча биргеликте иш-аракеттерди жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.
«Мол нан» нан бирикмесинин төрагасы Максат Момоевдин маалыматында, Бишкек шаарында бөлкө нандын түрлөрүн чыгарган 6 ири жана 23 чакан ишкана бар. Алар Бишкек шаарынан сырткары Кара-Балтадан Быстровкага чейинки жашаган калкты нан менен камсыз кылышат.
Кыргызстандагы Ун комбинаттары ассоциациясынын жетекчиси-Рустам Жунушев баалар тандыр нанга гана жогорулаганын, бөлкө нандардын баалары стабилдүү экенин билдирди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күн сайын нандын бааларына мониторинг жүргузүп, бааларды туруктуу кармоо боюнча иш-аракеттерин улантат.