Бишкек шаарында КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны башталды

 Бишкек шаарында КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны башталды

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 56-пленардык жыйыны башталды.

Белгилей кетсек, Ассамблеянын күзгү сессиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин сунушу менен Кыргызстанда өтүп жатат.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кезектеги жыйындарына Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова, Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова, Тажикстан Республикасынын Оли Мажлисинин Милли Мажлисинин Төрагасы Рустами Эмомали жана Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары Рубен Рубинян катышууда.

Мындан тышкары, жыйынга КМШ ПАА мүчө мамлекеттердин депутаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, окумуштуулар жана эксперттер келишкен.

КМШ ПААнын 56-пленардык отурумунда экология, коопсуздук жана укук жаатындагы бир катар моделдик мыйзам долбоорлорун кароо пландаштырылууда. Ошондой эле Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн парламенттик делегациялары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде орус тилинин улуттар аралык баарлашуунун тили катары ролун талкуулашат.

Связанный пост