Бишкек шаарында абанын булганышы акыркы жумада нормадан ашты

 Бишкек шаарында абанын булганышы акыркы жумада нормадан ашты

Бишкек шаарында абанын булганышы акыркы жумада нормадан ашты. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Айлана-чөйрөнүн булганышына байкоо жүргүзүү департаментинин маалыматы боюнча, 10-16-октябрга чейин Бишкек шаарынын абасындагы негизги булгоочу заттардын орточо суткалык концентрациясы жол берилген эң жогорку өлчөмдөн 2,33 эсеге ашкан.

Белгилей кетсек, мындай жагдай калктын ден соолугуна, айрыкча балдар, карылар жана дем алуу органдарынын оорулары бар адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирет.

Ал арада Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, 15-октябрда министр Медер Машиевдин төрагалыгы алдында атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кеңейтилген жыйыны болуп өттү. Жолугушууда Бишкек шаарынын мэри борбор калаада жүргүзүлүп жаткан жашылдандыруу жана экологиялык абалды жакшыртуу иштери боюнча кеңири маалымат берген.

Связанный пост