Бишкек шаардык дезинфекциялык станциясына жаңы директор дайындалды

Бишкектин социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозачева Шаардык дезинфекциялык станциясынын жамаатына жаңы директорду тааныштырды.
Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун буйругуна ылайык дезинфекциялык станциянын жетекчиси болуп Кулов Бакай Кемелбекович дайындалды.