Бишкек – Ош жолунда маршруттук унаа менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыю салынды
Бишкек – Ош жолунда маршруттук унаа менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыю салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.
Кыш мезгилинде жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, “Бишкек-Ош” унаа жолу аркылуу автобус жана маршруттук унаалар менен жүргүнчүлөрдү ташууга 2023-жылдын 15-октябрынан тартып, 2024-жылдын 1-майына чейин тыю салынды.
Эми майга чейин жүргүнчүлөрдү минивен жана женил унаа менен, кышкы дөңгөлөктөр орнотулган унаалар эле ташый алат.
Азыркы учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери авто бекеттерде маршруттук унаалардын айдоочуларына жолго чыкпоо керектиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүдүүдө.