Бишкек – Ош унаа жолунда жеңил унаалар өткөрүлүүдө, оор жүк ташуучу унааларга чектөө бар

 Бишкек – Ош унаа жолунда жеңил унаалар өткөрүлүүдө, оор жүк ташуучу унааларга чектөө бар

Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда абал толук жөнгө салынып, жол тыгыны жоюлду.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Сосновка жана Арал постторунда жеңил унааларга коюлган чектөө алынды. Ал эми оор жүк ташуучу транспортторго киргизилген чектөө күчүндө калтырылды.

 

№9 Жол тейлөө ишканасы кошумча тартылган техникалардын жана жумушчу күчтөрдүн жардамы менен жолду тазалоо, кеңейтүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.

 

Жеринде кырдаалды министрдин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев жетектеген кызматкерлер көзөмөлдөөдө.

 

Белгиленгендей, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуудагы жол тыгынды жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан оор жүк ташуучу унаалар жараткан. Ошондой эле, каршы тилкеге чыккан транспорт каражаттары жолчулардын ишине бир топ тоскоолдуктарды алып келди.

 

Мындан улам Транспорт жана коммуникациялар министрлиги зарылчылык болбосо жарандардан алыс жолго сапар алуудан карманып турууга чакырат жана ашуу аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууну суранат.

Связанный пост