Бишкек – Ош унаа жолунда аң-чөнөктөр жамалууда

Бишкек – Ош унаа жолунда аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, учурда иштер №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан трассанын 91-93-чакырымдар аралыгында уланууда.
Ишкана Бишкек – Ош унаа жолунун 60-209-чакырымдар аралыгын тейлейт. Азыркы тапта жолчулар тарабынан 626 м2 аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери аткарылды. Алдыда жумуштар планга ылайык уланат.
Ушундай эле жумуштар, бардык Жол тейлөө ишканалары тарабынан жүрүп жатат.
Мындан тышкары, жолчулардын күчү менен аймактарда лотокторду жана жол четин тазалоо, тегиздөө, актоо, сырдоо, жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, асфальт төшөө сыңдуу жол иштери жүрүүдө.