Бишкек – Ош унаа жолуна түшкөн таштар тазаланды
10-майда жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек – Ош унаа жолунун 80-124-чакырым аралыгында жолго таш көчкү түшкөн.
“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, учурда түшкөн таштарды тазалоо жана жолду коопсуз абалда кармоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлдү.
Иштер “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды. Азыркы тапта бардык унаалар үчүн каттам ачык.
“Тоолуу аймактарда жол жүрүүдө этият болуп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөбүз”, – деп айтылат маалыматта.