Бишкек – Ош автожолунун 630 чакырымына $456 млн жумшалган
Өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын бириктирип, бирдиктүү экономикалык жана саясий мейкиндикти түзгөн Бишкек-Ош автожолу Борбордук Азиянын беш мамлекетинин чегинде да, Түштүк Азия субконтинентинин он мамлекетин бириктирген Экономикалык Кызматташтык Уюмунун мамлекеттеринин алкагында да эл аралык транспорттук интеграция процессине активдүү катышууда.
Бишкек-Ош унаа жолун реабилитациялоо Кыргыз Республикасындагы жол инфраструктурасын өнүктүрүү жаатындагы биринчи долбоор болуп эсептелет.
Жалпысынан бүгүнкү күндө Бишкек-Ош автожолундагы долбоорлордун төрт фазасынын алкагында 456,7 млн АКШ доллары тартылып, 630 чакырым жолу реконструкцияланган.
Алар:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтү – $ 80,8 млн АКШ доллары;
– Тышкы донорлор – грант $ 35 млн, кредит $341,7. (АӨР, JICA, Япония, ИӨБ, ЕАӨБ)