Бишкек мэриясында шайлоо боюнча штаб өттү

 Бишкек мэриясында шайлоо боюнча штаб өттү

Бишкек мэриясында мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын катышуусунда шайлоо штабы өттү.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда 2024-жылдын 30-июнуна белгиленген Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону өткөрүү маселеси талкууланды.

 

Нуржан Шайлдабекова учурда талапкерлерди каттоо жүрүп жатканын, ал 10-июнга чейин улана турганын билдирди. Андан кийин маалымат кампаниясы башталат.

 

Өз кезегинде Мирланбек Байгончоков тиешелүү кызматтарга шайлоо участкаларынын коопсуздугун камсыздоо, материалдык-техникалык жана транспорт жактан камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.

 

Жыйындын катышуучуларына мэрдин биринчи орун басары «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР мыйзамынын 15-беренесине ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге референдумду жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө катышууга тыюу салынаары жөнүндө эскертти.

Связанный пост