Бишкек мэринин кызматтан алынганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

Социалдык тармактарда тарап жаткан Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматынан алынды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Президенттин басма сөз катчысы бул маалыматты расмий түрдө төгүндөйт.
Ошондой эле Алагөзов коомчулукка кайрылып, президенттик шайлоо өткөнгө чейин ири шаарлардын жетекчилери, министрлер жана башка кызмат адамдары өз милдеттерин аткарууну улантышарын баса белгиледи.
“Алардын ишинде олуттуу кемчиликтер же мыйзам бузуулар аныкталган шартта гана өзгөчө учур болушу мүмкүн.
Бул убакка чейин эч кандай кадрдык алмашуулар, анын ичинде кызматтан кетүүлөр же дайындоолор пландалган эмес. Мындай ыкма учурдагы команданын ишинде туруктуулукту жана ырааттуулукту сактоого багытталган”, – деди президенттин басма сөз катчысы.
Буга байланыштуу ал жарандарды, ЖМК өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын такталбаган маалыматтарды жана ар кандай ушактарды жайылтуудан карманууга чакырды.