Бишкек электр тармактар ишканасы аба-ырайынын суукташына байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

 Бишкек электр тармактар ишканасы аба-ырайынын суукташына байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иш алып барат
Бишкек электр тармактар ишканасы аба-ырайынын суукташына байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу
Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында энергетиктер күнү-түнү өз ишин жүргүзүүдө.
Кескин суукка байланыштуу “КУЭТ” ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасында жооптуу кызматкерлердин кезмети уюштурулду. Керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында ишканада 12 ыкчам-чыгуучу бригадасы нөөмөттө турушат. Ыкчам чыгуу үчүн атайын техника жана нөөмөттүк автомашиналар даярдалды. Штаттан тышкаркы кырдаалдар учурунда авариялык-оңдоо запасы ыкчам жоюу схемасын иштеп чыгуу менен даярдалган. Бардык оңдоо бригадалары зарыл запастык бөлүктөр менен камсыз болгон.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор пайда болгон учурда күнү-түнү иштөөчү Колл-борборго 1209, 105 номерлерине, ошондой эле мобилдик операторлордун 0772 001209, 0702 001209 номерлерине кайрылса болот, же WhatsApp 0556 001209 номерине жазып, маалымат алса болот.
Абанын төмөн температурасы электр энергияны керектөөнүн өсүшүнө алып келет, электр энергиясын керектөөнүн ашыкча өсүшү электр тармактар жабдууларына чоң жүктөмдөргө алып келиши мүмкүн. Керектөөчүлөрдү энергияны үнөмдөөгө жана бир эле учурда бир нече электр энергияны көп талап кылуучу шаймандарды колдонбоого чакырабыз.

Связанный пост