Бирдиктүү салык эсеби ишке кирди

 Бирдиктүү салык эсеби ишке кирди

Салык төлөөчүлөрдүн иштөөсүн жеңилдетүү үчүн Бирдиктүү салык эсеби иштелип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, Бирдиктүү салык эсеп — бул салык төлөөчүнүн каражаттары сакталган виртуалдык салык капчыгы болуп саналат. Салык төлөөчү өз эсебин каалаган суммада толуктап, милдеттүү төлөмдөрдү автоматтык түрдө аткарууга мүмкүнчүлүк алат.

Бирдиктүү салык системасы — салык төлөөнү жеңилдеткен жаңы ыкма. Эми салык төлөөчү ар бир түрүн өз-өзүнчө төлөөнүн ордуна, бардык салыктар үчүн бирдиктүү төлөм жүргүзө алат.

Салык кызматы бул төлөмдү өзү автоматтык түрдө керектүү салыктарга жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө бөлүштүрөт.

Бул үчүн салык төлөөчүгө ИНН жана төлөнүүчү сумма гана керек. Калган иштерди система өзү аткарат — туура бөлүштүрөт, убагында эсептейт жана каталарды болтурбайт.

Салык төлөөчү Бирдиктүү салык эсебин ар кандай ыңгайлуу ыкмалар аркылуу толуктай алат — онлайн форматта (салык төлөөчүнүн жеке кабинети же QR код аркылуу эквайринг системасы менен) же банк аркылуу.

Бул система салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн автоматтык түрдө төлөөгө мүмкүндүк берет. Натыйжада, адамдык факторлорго байланыштуу каталар азаят: төлөмдөр өз убагында жүргүзүлөт, реквизиттерде ката кетүү коркунучу жоюлат, туумдар жана айып санкцияларынын кошулушунун алдын алат.

Пилоттук этапта Бирдиктүү салык эсеби төмөнкүлөргө колдонулат:

– патенттин негизинде ишкердик же эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке жактар;
– өзгөчө соода режими бар зоналарда иштеген жеке жактар;
– турак жайга мүлк салыгын төлөө.

Белгилей кетсек, Бирдиктүү салык эсебин ишке ашыруу КР президентинин 2025-жылдын 13-февралындагы №46 «Дордой» соода-базар комплексинин базарларында жана кичи базарларында салыктык тескеп-башкаруу боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу жана Бирдиктүү салык эсебин ишке ашыруу жөнүндө» жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда.

Связанный пост