Бир млн долларлык каракчылык: Шектүүлөр акчаны 3 жерге жашырган
Бишкекте чет өлкөлүк жарандан 988,5 миң долларды тартып алган каракчылык фактысы ачылып, кылмышка шектүү бир нече адам кармалды.
ИИМдин маалыматына караганда, окуя 17-ноябрда саат 16:00 чамасында Бишкектеги имараттардын биринде болгон. Төрт белгисиз адам жабырлануучуну тапанчага окшош буюм менен коркутуп, күч колдонуу аркылуу сумкасын жана уюлдук телефондорун тартып алышкан. Сумкада 988 миң 500 доллар, 200 миң сом, телефондор жана чет өлкөлүк паспорт болгон.
Кылмышка шектүүлөрдү аныктоодо “Коопсуз өлкө” долбоорунун видеокөзөмөл камералары колдонулган. Натыйжада Бишкек шаарынан үч жаран кармалып, дагы жети шектүү коңшу өлкөнүн аймагынан кармалган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы үйдөн 300 миң доллар, коңшу өлкөдө кармалган шектүүнүн унаасынан 100 миң доллар жана Чүй районундагы айылдардын биринде контейнердин астынан 410 миң доллар табылган. Жалпысынан 810 миң доллар далил буюм катары алынган.
Аталган факт боюнча “Каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.