Бир аптада 415 айдоочу мас абалында унаа башкарганы аныкталды
31-июлдан 6-августка чейин өлкө аймагында алдын ала маалымат боюнча, 28 753 жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тиешелүү документтери жок унаа башкаруу – 4 502;
- мас абалында унаа башкаруу – 415;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 207;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кыймылынын эрежелерин бузуу – 841;
- унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 582;
- автоээнбаштык – 33;
- белгиленген ылдамдык чегинен ашуу – 1 567;
- жасалма мамлекеттик номер менен унаа башкаруу – 8;
- башка жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары – 13 357.
Мындан тышкары, башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 241 унаа айып короого токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана жолдогу коопсуздукка жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.