Билим берүү жана илим министрлиги 32,5 млрд сомго каржыланды

 Билим берүү жана илим министрлиги 32,5 млрд сомго каржыланды

2023-жылдын 29-августуна карата республикалык бюджеттен КР Билим берүү жана илим министрлигине, ошондой эле башталгыч кесиптик билим берүү мекемелерине 32,5 млрд сом каржыланды, такталган жылдык план 52 млрд сомду түздү, бул 61,4% Алардын ичинен, корголгон беренелер боюнча чыгашалар (эмгек акы, тамак-аш, стипендия) боюнча аткарылышы 32 млрд сомду түздү, такталган жылдык план 52 млрд сом, же 62,6% аткарылды.

Анын ичинде чыгашалардын корголгон статьялары боюнча, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өтүнмөсүнө ылайык, төмөнкүлөр каржыланды:

– Эмгек акы жана Социалдык фондго чегерүү – 32 млн сом;

– Билим берүү уюмдарынын студенттеринин, окуучуларынын, “Тамак-ашы” беренеси боюнча чыгашалар – 450,5 млн сом;

– Билим берүү уюмдарынын стипендиясына – 70 млн сом.

Ошондой эле, бүгүнкү күнгө чейин, каржыланган:

– КР жалпы билим берүүчү мектептери үчүн окуу китептерин басып чыгарууга жана сатып алууга, анын ичинде Брайл окуу китептерин сатып алууга 152,0 млн сом суммасында каржыланды;

– мектеп окуучуларынын эл аралык олимпиадасына – 4 млн сом;

-мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын жана математика боюнча республикалык олимпиаданы өткөрүүгө – 4,8 млн сом;

– «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына абитуриенттерди тестирлөө үчүн – 1,8 млн сом;

– билим берүү мекемелерин учурдагы оңдоого – 112,4 млн сом;

– Мектептерде интернет байланышы үчүн абоненттик төлөмгө – 14 млн сом бөлүнгөн.

Связанный пост