Бийлик өкүлдөрү Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушууда

 Бийлик өкүлдөрү Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушууда

Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушууда. Жыйынга тармактык министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышууда.
Жыйында, жарандар чечилбей келе жаткан укуктук маселелерин чечилүүсүн сурашып, социалдык, экономикалык көйгөйлөр, коомчулуктагы мыйзамсыз иш-аракеттер, укук коргоо органдарына байланыштуу мүчүлүштүктөр тууралуу суроолорду салышты.
Жарандардын арыз-кайрылуулары Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын башчылары тарабынан жеринде кабыл алынып, кээ бирлери маселелер жеринде чечилди. Ал эми, убакыт талап кылуучу көйгөйлөргө карата мыйзам чегинде чукул арада тийиштүү чаралар көрүлөт.
Жолугушууга Кара-Суу районунун аймактарынан келген 400дөн ашуун тургун катышууда.

Связанный пост