Бейтаптар үчүн QR-код аркылуу пикир калтыруу системасы ишке кирди

 Бейтаптар үчүн QR-код аркылуу пикир калтыруу системасы ишке кирди

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү бардык саламаттык сактоо уюмдарында QR-коддор аркылуу жарандардын пикирлерин чогултуучу бирдиктүү системаны ишке киргизүү демилгесине кошулду.

Министрликтен билдиришкендей, эми ар бир бейтап же мекемеге келген жаран 30 секунд ичинде кызмат тууралуу өз оюн калтыра алат:

  • телефонунуздун камерасын кире бериште, каттоо жайында же күтүү зонасында жайгашкан QR-кодго багыттаңыз;
  • шилтемеге кирип, кыска форманы толтуруңуз (кызматтарды баалоо жана сунуштоо талаасы);
  • пикир автоматтык түрдө жооптуу бөлүмгө жөнөтүлөт, ал эми байланыш маалыматтары көрсөтүлсө, жооп аласыз.

Белгиленгендей, ар бир пикир расмий катталып, кароодон өтөт жана расмий макамга ээ болот. Зарыл учурда чаралар көрүлүп, натыйжасы жарандарга билдирилет.

«Бул система жарандардын пикир билдирүүсүн ыңгайлуу, ачык жана натыйжалуу кылуу максатында иштелип чыкты. Маалыматтар ишенимдүү корголот жана жеке маалыматтарды коргоо мыйзамдарына ылайык иштетилет», – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле министрлик жарандар өз сын-пикирлерин канчалык жигердүү бөлүшсө, саламаттыкты сактоо системасы ошончолук жакшы жана адилет болоорун баса белгилейт.

Связанный пост