Бажы тармагы боюнча кирешенин өсүү темпи жогорулады

Бажы тармагы боюнча кирешенин өсүү темпи жогорулады. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык бараккчасында билдирди.
Анын айтымынды, акыркы 2 жылда бул тармактын кирешеси пландан ашыгы менен аткарылып жатат. 2022-жылы бажыдан 74,3 млрд сом чогулган. 2023-жылдын январь-февраль айындагы көрсөткүчтөр дагы ийгиликтүү башталды.
Бажы кызматы, 2023-жылдын январь айында республикалык бюджетке 6 млрд 42 млн сом акча чогултту. Бул көрсөткүч коюлган пландан 316,4 млн сомго ашыкча. 2023-жылдын февраль айында 6 млрд 488 млн сом чогулган.
2017-2023-жылдардын февраль айындагы чогулган бажы төлөмдөрүн салыштырсак:
2017-жылы 1,9 млрд сом
2018-жылы 3,2 млрд сом
2019-жылы 2,7 млрд сом
2020-жылы 1,8 млрд сом
2021-жылы 2,8 млрд сом
2022-жылы 4,7 млрд сом
2023-жылы 6 млрд 488 млн сом түштү.

Связанный пост