Бажы төлөмдөрүнөн качуу: 2,1 млн сом бюджетке кайтарылды
Бажычылар өлкөгө кирген текстиль продукциясынын бажы наркын жасалма түрдө төмөндөтүү фактысын аныкташты.
Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, Түркмөнстандан “М.Т.” ЖЧКсынын дарегине “Кант” бажылык тариздөө жайына салмагы 21,6 тоннадан ашкан текстиль продукциясынын партиясы келген.
Документтерди текшерүү учурунда реквизиттери бирдей, бирок товардын баасы эки башка көрсөтүлгөн эсеп-фактуралар табылган. Биринчисинде баасы 11,5 миң доллар деп жазылса, экинчисинде 56,6 миң доллар деп көрсөтүлгөн.
Маалыматтын аныктыгын тактоо үчүн кыргыз тарап Түркмөнстандын бажы органдарына суроо-талап жөнөтүп, жыйынтыгында товардын кымбатыраак (56 610 доллар) көрсөтүлгөн баасы чыныгы экени тастыкталган.
Кайра эсептөөнүн натыйжасында төлөнбөй калган бажы төлөмдөрүнүн суммасы 2 млн 108 миң 794 сомду түзгөн. Көрүлгөн ыкчам чаралардын алкагында мамлекеттик бюджетке келтирилген бул зыян толугу менен өндүрүлүп, мамлекеттин кирешесине чегерилди. Топтолгон материалдар андан ары юридикалык баа берүү үчүн Бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.