Аймактарда ипотекалык турак жай алуунун шарттары жеңилдеди

 Аймактарда ипотекалык турак жай алуунун шарттары жеңилдеди

Мамлекеттик ипотекалык компания аймактардагы калктын турак жай шартын жакшыртуу максатында жаңы жеңилдетилген механизмди ишке киргизди. Бул тууралуу МИКтен билдиришти.

Белгилей кетсек, бул жаңы шарттар Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары, республиканын бардык аймактарында турак жай алууну каалаган жарандар үчүн иштелип чыккан.

Жаңы механизмдин шарттары:

  • Баштапкы төлөм — батирдин баасынын 30 пайызы.
  • Калган 20% батирди алганга чейин төлөнөт. Бул үчүн белгиленген төлөм графиги жок. Өзүңүзгө ыңгайлуу болгон сумманы каалаган убакта төлөп, батирди алганга чейин жалпы 50 пайызын төлөп бүтүш керек.
  • Батирди алгандан кийин калган 50 пайызды 15 жылга чейин, жылдык 8% менен төлөм графиги боюнча төлөнөт.

Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарды турак жай программаларынын алкагында толук маалымат алуу үчүн компаниянын расмий сайтына же аймактык өкүлчүлүктөрүнө кайрылууга чакырат.

Связанный пост