Бажы кызматы бажы төлөмдөрү боюнча такталган планды аткарды

 Бажы кызматы бажы төлөмдөрү боюнча такталган планды аткарды

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген 2024-жылга бажы төлөмдөрү боюнча такталган болжолду ийгиликтүү аткарды.
2024-жылга бажы кызматы үчүн 121 миллиард сом өлчөмүндө кирешелердин такталган болжолу бекитилген, ал үстүбүздөгү жылдын 24-декабрына карата толугу менен аткарылды. Ушул күнгө карата чогултулган бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 2023-жылдын жылдык кирешесинен 9,5 миллиард сомго ашты.
Белгилей кетсек, 2024-жылга 117 миллиард 356,5 миллион сомду түзгөн кирешенин баштапкы болжолу – 2024-жылдын 13-декабрында мөөнөтүнөн мурда аткарылган.
Мындай жогорку натыйжаларга жетүү үчүн Мамлекеттик бажы кызматы бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө, өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө жана контрабандага каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган комплекстүү иштерди жүргүздү.
Мамлекеттик бажы кызматы жылдын аягына чейин алдыга коюлган милдеттерди аткаруунун үстүндө жигердүү иштөөнү улантууда жана такталган пландын ашыкча аткарылышын болжолдоодо, бул өлкөнүн бюджетине кошумча салым болуп калат.

Связанный пост