Базар-Коргондун Карача айылында сел жүрдү

 Базар-Коргондун Карача айылында сел жүрдү

2023-жылдын 14- май күнү саат 02:30 чамасында Базар-Коргон районунда болгон катуу жаандан улам Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Карача айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинен Ат-Кол чегинен түшкөн суу агындылары арыктан ашып 15 турак үйдүн короо сарайларына кирген.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок. Жеринде айыл өкмөт кызматкерлери, райондук ЖК кызматтары тактоо иштерин жүргүзүүдө. Базар-Коргон райондук ӨК бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан короого толуп калган сууларды суу сордуруучу мотопомпа менен чыгаруу иштери, райондук СЭК борборунун атайын бригадасы тарабынан залалсыздандыруу иштери жүрүүдө.

Ошондой эле, айыл өкмөттүн тийиштүү адистерине тазалоо иштери боюнча тапшырмалар берилди.

Связанный пост