Базар-Коргондо чет өлкөдө жүргөн 10 окуучуга мыйзамсыз аттестат берилген

 Базар-Коргондо чет өлкөдө жүргөн 10 окуучуга мыйзамсыз аттестат берилген

Базар-Коргон районунда №52 кесиптик лицейдин жооптуу кызмат адамдары чет өлкөдө жүргөн 10 окуучуга мыйзамсыз аттестат жана диплом бергендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө 2024-2025-жылдары аталган окуучулар чет мамлекеттерде жүргөнүнө карабастан, окуу процессине катышкан катары көрсөтүлүп, тиешелүү документтер жасалмаланганы аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Связанный пост