Базар-Коргондо 1 177 тонна пахта жыйналды

Базар-Коргон районунда пахта терүү иштери кызуу жүрүп жатат. Жалпы 325 гектар жерге айдалган пахтанын бүгүнкү күндө 302 гектары жыйналып, 1 177 тонна түшүм алынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта пахта терүүгө Ноокен районунан келген эки атайын техника тартылып, алар бир күндө 5 гектарга чейин жыйноого жетишүүдө.
Пахтанын учурдагы базардагы баасы 1 килограммы 11 сом, заводго өткөрүү наркы да 11 сомдон бекитилген. Бул — дыйкандар үчүн финансылык жактан пайдалуу шарт.
Терилип жаткан пахта — К-67 сорту, Кытайдан алынып келинген жогорку сапаттагы үрөндөн өстүрүлгөн. Бул сорт түшүмдүүлүгү жогору жана сапаттуу жип өндүрүүдө артыкчылыктуу деп белгиленет.
Пахта терүү иштери учурда райондун бир нече айыл аймактарында уланууда. Бул процесстер айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү элдин кирешесин арттырууга чоң салым кошууда.
“Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан фермерлерге техникалык колдоо көрсөтүлүп, пахта өндүрүшүн арттыруу жана туруктуулукту камсыздоо максатында активдүү иштер жүрүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.