Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында жаңы оорукана курулууда
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылынын эли үчүн жаңы оорукана курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда оорукананын курулуш-монтаждоо иштери 75 пайызга бүткөрүлүп, имараттын сыртын жасалгалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Объекттин курулушу 2019-жылдан бери республикалык бюджеттен каржыланып келет. Имарат эки кабаттан туруп, жалпы аянты 2 379 чарчы метрди түзөт. Куруу иштерин “Сантехмонтаж” ЖЧКсы жүргүзүүдө. Үстүбүздөгү жылы курулушту толук бүткөрүү пландалып жатат.