Баткендин инвестициялык потенциалын жогорулатууга багытталган кеңеш ишин баштады

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча КЕҢЕШинин биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КРнын экономика жана соода министринин орун басары Чоро Сейитов, облустун прокурору Таалайбек Касымбеков, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Алгач КРнын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, онлайн форматта Кеңештин мүчөлөрүнө кайрылуу жасап, “Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик программа кабыл алынган. Бул программаны өздөштүрүүгө бардык ишкерлерди чакырам. Бүгүнкү иш чаранын максаты да ушул” деп белгиледи.

Ошондой эле, “мамлекеттик органдар менен күрөшүү каалоосун жоготкон ишкер, экономикага салым кошуу каалоосун да жоготот. Ошондуктан ишкерлерге бут тосуулар болбоого тийиш. Инвестор күтө албайт. Эң баалуу ресурс бул убакыт. Ошондуктан мамлекеттик органдар бизнес коомчулугу менен конструктивдүү маанайда иш алып баруусу учур талабы. Биз жеке сектор тарабынан сунушталган инвестициялык долбоорлорду жылдырууга жардам берүүгө даярбыз” деди.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн демилгеси менен, жаңыдан түзүлүп, ишин баштап жаткан КЕҢЕШтин максаты – аймакта бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттерин укуктук коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын, бизнес-коомчулук менен туруктуу диалогун жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн түзүү.

Бизнести өнүктүрүүгө жолтоо болгон тоскоолдуктарды мамлекеттик органдарга жеткирүү, укуктук чечимдерди биргелешип ишке ашыруу.

Кеңешменин жүрүшүндө Баткен облусунун ишкердик чөйрөсү тарабынан төмөнкү маселелер каралды. Алар,

-Кеңешти түзүүнүн зарылчылыгы жана өбөлгөлөрү, анын Баткен облусун өнүктүрүүдөгу ролу,

-Инвестицияларды региондорго тартуу жана регионалдык өнүгүүдөгү инвестициянын ролу,

-Региондорду өнүктүрүү үчүн мамлекеттик жеке өнөктөштүктү пайдалануу.

Белгилей кетсек, КЕҢЕШтин ишин илгерилетүү, каржылоо ПРООН тарабынан колдоого алынган.

Связанный пост