Баткендин айылдарына таза суу системасын тейлөөгө керектүү техникалар тапшырылды

 Баткендин айылдарына таза суу системасын тейлөөгө керектүү техникалар тапшырылды

Баткендин айылдарына таза суу системасын тейлөөгө керектүү техникалар тапшырылды. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн 16- январда Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан, Үч-Коргон, Кыргыз-Кыштак жана Исхак-Полотхан айыл аймактарынын, Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарынын, Лейлек районунун Сумбула жана Бешкент айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнө кеңсе жабдуулары жана суу системасын тейлөөгө керектүү шаймандар тапшырылды.

Техникалар КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана АРИС менен долбоордун өкүлдөрүнүн катышуусунда тапшырылды.

Алар 1 087 578 сомдук кеңсе жабдуулары жана суу системаларын эксплуатациялоого керектүү 3 403 800 сомдук шаймандар болуп эсептелет.

Бул иш аракеттер Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин колдоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан “Баткен жана Талас облустарындагы айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Максаты аймактагы ичүүчү суу менен камсыздоо ишканаларынын техникалык базасын чыңдоо жана ичүүчү суу системаларын эксплуатация жана техникалык тейлөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат.

Долбоордун негизинде Баткен облусунун жалпы 43 айылын суу менен камсыздоо боюнча иштер жүрөт.

Аталган долбоор республикалык бюджеттен жана Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда.

Связанный пост