Баткендеги Ак-Сай айылы өзгөчө кырдаалдар жөнүндө улуттук кабарлама системасына кошулду
ЮНИСЕФ Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Сай айылындагы мектепте өзгөчө кырдаал жөнүндө кабарлоочу жаңы жабдууларды орнотту. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабдууларды улуттук өзгөчө кырдаалдар жөнүндө кабарлама системасына кошту. Жалпы суммасы 2 млн сомдон ашкан (23,4 миң АКШ доллары) жабдуу мектептердин табигый кырсыктарга даярдыгын жогорулатууга багытталган долбоордун алкагында берилди. Бул долбоорду Жапон Өкмөтү каржылайт.
“Бул жабдууну орнотуу инновациялык шайман болуп саналат, ал өзгөчө кырдаалдардын бардык түрлөрүнө жооп кайтарууга болгон даярдыкты күчөтүүгө көмөктөшөт”, — деп белгиледи өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев.
Жабдуулардын топтомуна динамиктер, үн күчөткүчтөр, Интернетке туташуу үчүн модем жана үзгүлтүксүз ишти камсыз кылган резервдик кубат берүүчү булак кирет. Динамиктер катуу болгондуктан, Ак-Сай айылынын бардык жашоочулары, айрыкча балдар өзгөчө кырдаал учурунда айтылчу кабарларды уга алышат.
“Балдар жер титирөө, өрт же башка табигый кырсыктар сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын алдында аяр абалда калышат. Биз өнөктөштөрүбүзгө – Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Жапон Өкмөтүнө – бул демилгени колдоп бергени үчүн ыраазыбыз”, – деди ЮНИСЕФтин өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло.
Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө улуттук кабарлама системасы өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматты жеткирүү жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ар кандай каналдар аркылуу элге маалымат берүү максатын көздөйт. Системаны ӨКМ башкарат.
Калкынын саны 2,7 миңге жакын болгон Ак-Сай айылы Тажикстан менен чектеш жерде жайгашкан. Жергиликтүү мектепте 400дөн ашык бала билим алат.