Баткенде “Жаштык” жана “Чон-Талаа” чек ара посттору толугу менен жаңыланды

Кечээ, 28-майда, Баткен облусундагы “Жаштык” чек ара постунун толугу менен жаңыланган шарты чек арачыларга тапшырылды.
Ачылуу аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. “Жаштык” чек ара посту менен катар Баткен облусундагы “Кара-Бак” чек ара заставасынын “Чоң-Талаа” посту да заманбап шартта жаңыланып, пайдаланууга берилди. Бул эки посттун абалы менен Камчыбек Ташиев таанышып чыкты.
Аталган посттор чек арачыларга коюлган талаптарды аткаруу үчүн керектүү болгон бардык каражаттар менен камсыздалган.
Камчыбек Ташиев чек арачы жоокерлерди Чек арачылардын күнү менен куттуктап, коюлган милдеттердин так аткарылышына ишеним билдирди.

Связанный пост