Баткенде жалпы баасы дээрлик 4 млн сомдук акциздик маркасы жок тамекилер кармалды

«Баткен» бажысынын кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы эрежелерин бузууларды аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында «З.Б.М.» аттуу жарандын башкаруусундагы «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшерүүдө, унаанын жүк салуучу бөлүгүнөн акциздик маркасы жок тамеки табылган. Кармалган товарлардын жалпы саны 94 куту же 940 миң даана тамекини түзгөн.

 

Көз карандысыз экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган товардын орточо базар баасы 3 миллион 995 миң сомду түзгөн.

 

Жүк Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБ аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо үчүн убактылуу бажы көзөмөлүнүн аймагына жеткирилген.

 

Факт КБР МКЖ АДСга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн Баткен облусунун прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Связанный пост